Биз социалдык тармакта

Кубада күйүүчү майдын запасы толугу менен түгөнгөнү айтылууда

Куба өлкөсүндө күйүүчү майдын кору толугу менен түгөнгөнүн өлкөнүн энергетика жана тоо-кен өнөр жайы министри Висенте де ла О Леви айтты.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, өлкөдө мазут жана дизелдик отун дээрлик калган жок.

"Куба декабрь айынан бери күйүүчү май сатып ала элек, ал эми Орусиядан берилген 100 миң тонна мунайдын запасы май айынын башында эле түгөнгөн. Учурда өлкөнүн энергетика тармагы негизинен жергиликтүү мунай жана газ ресурстары менен камсыздалууда",- деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан