Биз социалдык тармакта

Дональд Трамп Кытай өкүлдөрү менен жолугушууларды жемиштүү деп баалады

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай делегациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуулар өтө позитивдүү жана жемиштүү өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Пекин шаарында уюштурулган салтанаттуу банкет учурунда айткандыгын кытай басылмалары жазышты.

Анын айтымында, эки тараптын сүйлөшүүлөрү конструктивдүү маанайда өтүп, бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Ошондой эле кечки банкет мурда козголгон темаларды достук маанайда дагы тереңирээк талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгиледи.

“Бүгүн биз Кытай делегациясы менен абдан позитивдүү жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Ал эми бүгүнкү кеч – бул күн ичинде козголгон айрым маселелерди достордун чөйрөсүндө кайрадан талкуулоого баалуу мүмкүнчүлүк”, - деди Дональд Трамп.

Бул жолугушуулар АКШ менен Кытайдын ортосундагы экономикалык жана саясий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары бааланууда. Эксперттер мындай диалог эки өлкөнүн мамилесинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан