Биз социалдык тармакта

Дональд Трамп Си Цзиньпинди Ак үйгө расмий сапар менен чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай лидери Си Цзиньпинди жана анын жубайы Пэн Лиюанды Ак үйгө расмий сапар менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Пекин шаарында өткөн салтанаттуу банкет учурунда билдиргендигин кытай басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Трамп өз сөзүндө Си Цзиньпинге жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, 24-сентябрда Вашингтондо жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.

“Төрага Си Цзиньпин, мындай сонун кабыл алуу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Бүгүн кечинде сизди жана айым Пэнди 24-сентябрда Ак үйдө конокто болууга чакыруу мен үчүн чоң сыймык”, - деди Дональд Трамп.

Белгилей кетсек, дал ушул мезгилде сентябрь айында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы өтүшү күтүлүүдө. Бул сапар эл аралык деңгээлдеги маанилүү дипломатиялык жолугушуулардын бири болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан