Израил Иранга каршы согуш аракеттерин кайра баштоого даяр. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Ирандан келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтарды толук нейтралдаштыруу үчүн, зарыл болсо, аскердик операциялар кайра улантылышы мүмкүн.
Кац Алты күндүк согушта жана “Талкалоо согушунда” курман болгондорду эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып, “миссия аягына чыга элек” экенин белгилеген. Ал Иран мындан ары Израилге, АКШ аскерлерине жана “эркин дүйнөгө” коркунуч жаратпашы керектигин айткан.