АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпин жолуккан учурдагы кол алышуу 14 секундга созулду. Эки лидердин жолугушуусу Ак үйдүн YouTube каналынан түз эфирде көрсөтүлдү.
Маалыматка ылайык, Дональд Трамп саламдашуу учурунда Си Цзиньпиндин колун өзүнө тартып, демилгени колго алууга аракет кылган. Бирок Кытай лидери позициясын теңеп, кол алышуу учурунда үстөмдүктү бербей койгон. Алгач лидерлердин колдору Трампка жакыныраак жайгашса, кийин Си Цзиньпин абалды тең салмактап кеткен.