АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Иранга каршы аскердик аракеттери уланарын Truth Social социалдык тармагына жазды.
Пекинде мамлекеттик сапар менен жүргөн Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу айтып жатып, Кытай лидери аны экинчи президенттик мөөнөтүндөгү ийгиликтери менен куттуктаганын белгиледи.
Трамп өз администрациясынын жетишкендиктеринин катарына, Венесуэланын үстүнөн аскердик жеңишти, андагы мамилелерди кошуп кеткен. Ошондой эле Ирандагы аскердик операцияны кошуп, ал улана турганын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, АКШ лидери 13-майда Кытайга расмий саапар менен барган. Анын алкагында ал Кытайдын төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ледерлер эки тараптуу соода-экономикалык талаш-тартыштарды жөнгө салууга басым жасаары күтүлүүдө. Талкууда дүйнөлүк күн тартибиндеги негизги маселелер да козголот.