Биз социалдык тармакта

Флорида штатындагы аэропорт Трамптын ысымына өзгөртүлөт 

Флорида штатындагы аэропортко АКШнын лидери Дональд Трамптын ысымы берилет. Бул тууралуу АКШнын Жарандык авиация башкармалыгы билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган аймактагы Палм-Бич аэропорту ушул жылдын 9-июлунан тарта "Дональд Трамп атындагы эл аралык аэропорт" деп өзгөртүлөт.

Буга чейин аэропортту Трамптын урматына өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып, ага көпчүлүк депутаттар макул болушкан. Аталган аэропорт Трамп жашаган аймакта жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан