Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга болгон мамлекеттик сапарын тарыхый деп атады. Бул тууралуу эл аралык агенттиктер жазышууда.
"Бул тарыхый сапар, маанилүү сапар",- деген Кытай лидери.
Кытай лидери сапардын жүрүшүндө тараптар кытай-америка мамилелерин өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишкенин белгиледи. Ошондой эле ал мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында көптөгөн жыйынтыктарга жетишилгенин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, АКШ лидери 13-майда Кытайга расмий сапар менен барган.