АКШ президенти Дональд Трамп Кытай лидери Си Цзиньпин Ормуз кысыгын калыбаны келтирүүгө жардам сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу АКШ лидери Fox News басылмасына курган маегинде айткан.
Анын айтымында, Кытай лидери Ирандагы согуштун аякташын каалап, тынчтык келишимин колдоого даяр экенин белгилеген.
"Президент Си келишим түзүлүшүн каалайт. Ал жардам берүүнү сунуштап, "эгер мен кандайдыр бир жардам бере алсам, жардам берүүгө даярмын" деп айтты",- деген Трамп.
Трамп ошондой эле Си Цзиньпин Иранга аскер техникасын бербөөнү убадалаганын кошумчалаган.