АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктап, Вашингтонго кайтып кетти. Бул тууралуу CNN басылмасы кабарлады.
Анда айтылгандай, ал "Шоуду" эл аралык аэропортунан учуп кеткен.
Буга чейин америкалык президент Пекиндеги "Чжуннанхай" комплексинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан. Ал жерде лидерлер журналисттер менен да баарлашты.
АКШ лидери 13-майда Кытайга расмий сапар менен барган.