ИИМ оң рулдуу унааларды чет өлкөлөрдөн алып келүүгө тыюу салууну сунуштап жатат

КРнын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып келүүгө жана каттоодон өткөрүүгө тыюу салууну сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги "Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү" боюнча мыйзам долбоорун даярдады. Өзгөртүүлөр жол кырсыктарынын келип чыгышына себепкер болгон факторлорду жоюу максатында киргизилет. 

Маалыматта “Өткөн жылы катталган 888 572 унаанын 89 375и же 10 пайызы оң рулдуу унаалар. Республикага ташылып келинген оң рулдуу унаалардын кескин көбөйүшү менен жол кырсыктарынын өскөнү айтылат”  деп айтылат.

Учурда мыйзам долбоор өкмөткө сунушталды. Өкмөт демилгени талкуулап, чечим кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан