Биз социалдык тармакта

Трамп үч өлкөнүн өтүнүчү менен Иранга сокку урууну кийинкиге калтырганын билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-майга пландалган Иранга каршы соккуларды азырынча токтотконун билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, мындай чечим Катар, Сауд Арабиясы жана БАЭнин өтүнүчү менен кабыл алынган, анткени азыр олуттуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Трамп Иран менен келишимге жетишилсе жакшы болорун, бирок Иранга өзөктүк куралга ээ болууга жол берилбей турганын айтты. Ошол эле учурда, эгер келишим болбой калса, АКШ Иранга каршы толук масштабдуу чабуулга даяр экенин эскертти.

Маалыматтарга караганда, АКШ Иранга бир нече шарт койгон. Ошондой эле АКШ менен Израил Иранга каршы мүмкүн болгон жаңы аскердик операцияга даярданып жатканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан