Биз социалдык тармакта

ЖМК: АКШ Кубага каршы аскердик аракеттерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат 

АКШ Кубага каршы аскердик аракеттерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтарга караганда, мындай кадамга Кубада өзгөрүү жаратуу үчүн киргизилген санкциялар жана күйүүчү май блокадасы натыйжа бербей калганы себеп болгон.

Politico басылмасы жазгандай, АКШ бийлиги адегенде санкциялык басым жана мунай блокадасы, ошондой эле Венесуэла менен Иранга каршы операциялар Кубанын жетекчилигин келишимге жетишүүгө түртөт деп үмүт кылган.

Учурда АКШнын аскердик жетекчилиги бир нече сценарийди карап жатат. Алардын арасында бир жолку аба соккусун жасоо жана аралдагы бийликти кулатуу максатындагы кургактагы аскердик аракеттерди жүргүзүү варианттары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан