Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран эч кандай күчкө баш ийбей турганын билдирди. Анын айтымында, Ирандын душмандары өлкөнү ракета, бомба жана учактар аркылуу “жеңе” албайт. Бул тууралуу анын сөзүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Биз багынбайбыз”,- деген президент Иран сүйлөшүүлөрдү татыктуу деңгээлде жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле ал Иран өз укугун коргоого толук укуктуу экенин белгиледи.
“Бизде укук бар, логика бар, далилдер бар. Биз өлкөбүздүн кызыкчылыгын чечкиндүү коргой алабыз жана элдин колдоосу менен анын укуктарын коргойбуз”,- деди Масуд Пезешкиан.
Ошол эле учурда Ирандын “Хатам аль-Анбия” борбордук штабынын командачысы, генерал-майор Али Абдуллахи АКШ жана анын союздаштары Иранга карата стратегиялык ката кетирбеши керектигин эскертти.
Анын айтымында, Ислам Республикасына каршы кандай гана жаңы чабуул болбосун, Тегеран толук күчү менен жооп кайтарат.
“Биз АКШ жана анын союздаштарына дагы бир жолу эскертебиз. Алар Иран жана анын куралдуу күчтөрү толук даяр экенин, азыр мурдагыдан да күчтүү болуп калганын билиши керек. Душмандардын ар кандай жаңы чабуулуна чечкиндүү жана кеңири жооп берилет”,- деди Абдуллахи.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында АКШнын Иранга 19-майга пландаган чабуулун тынчтык келишимине жетишүү максатында жылдырганын билдирген.
Ошол эле учурда Ак үйдүн башчысы америкалык аскерлерге Иранга каршы кеңири масштабдагы операцияга даяр болуу тапшырмасын бергени айтылды. Эгер тараптар орток келишимге келе албаса, аскердик аракеттер башталышы мүмкүн экени белгиленген.