АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай лидери Си Цзиньпин америкалык делегацияны Кытай Иранга курал-жарак жеткирбейт деп ишендиргенин билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.
“Төрага Си Цзиньпин мага Иранга эч кандай курал жөнөтүлбөй турганын айтты. Бул эң сонун убада. Мен анын сөзүнө ишенем жана муну жогору баалайм”, - деди Дональд Трамп.
Буга чейин, 14-майда, Дональд Трамп Си Цзиньпин АКШга Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салууга жардам сунуштаганын билдирген. Бирок америкалык лидер бул сунуштан баш тарткан.
Маалыматка ылайык, АКШ менен Кытай лидерлер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдө Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбошу керек деген пикирге келишкен. Ошондой эле Ормуз кысыгы эл аралык соода үчүн ачык бойдон калышы зарыл экени белгиленген.