Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдагы иш сапарынын алкагында Пекиндеги Элдик жыйындар үйүнө барды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, аны Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тосуп алып, тараптар кол алышты.
Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы, эл аралык жана аймактык маселелер талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле "Сибирдин күчү-2" долбоору боюнча да сүйлөшүүлөр болору айтылууда.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 13-майдан 15-майга чейин Кытайда расмий иш сапары менен болгон.