Биз социалдык тармакта

Путин Си Цзиньпинди келерки жылы Орусияга келүүгө чакырды

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда аны келерки жылы Орусияга келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу 20-майда "Известия" басылмасы жазды.

Путин анда эл аралык аренадагы курч кырдаалды эске алуу менен Москва менен Пекиндин тыгыз мамилеси өзгөчө зарылдыгын кошумчалады.

Орус президенти ошондой эле ноябрда Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы саммитине катышууга даяр экенин ырастады.

Белгилей кетсек, Путин 20-майда Пекинге мамлекеттик сапар менен барды. Учурда эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу өтүүдө. Анда лидерлер эки өлкөнүн кызматташтыгы, эл аралык жана аймактык маселелер талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле "Сибирдин күчү-2" долбоору боюнча да сүйлөшүүлөр болору айтылууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан