Биз социалдык тармакта

Трамп мигранттарга карата каржылык талаптарды күчөткөн буйрукка кол койду 

АКШнын президенти Дональд Трамп документи жок мигранттар үчүн каржылык кызматтарды көзөмөлдөөнү күчөткөн буйрукка кол койду. Бул тууралуу Ак үйгө таянып чет элдик басылмалар жазышты.

Ак үйдүн маалыматына ылайык, жаңы буйрук АКШнын каржы системин мыйзамсыз аракеттерден коргоого, каржы мекемелериндеги кардарларды аныктоо талаптарын күчөтүүгө жана иштөөгө уруксаты жок мыйзамсыз мигранттарга каржылык кызмат көрсөтүүдөн келип чыгуучу насыялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Буйруктун негизинде АКШнын Каржы министрлигине мыйзамсыз мигранттарга карата көзөмөлдү күчөтүү тапшырылган. Эми министрлик төмөнкү мыйзам бузууларды камтыган шектүү схемаларды аныктайт:

  • Салык төлөөдөн качуу;
  • Айлык акыны конверт аркылуу берүү;
  • Эсеп картанын чыныгы ээсин жашыруу,;
  • Жумушчу күнүн жашыруу;
  • Укуктук макамы тастыкталбаган адамдардын салык номерлерин колдонуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан