Кытайлыктар туристтерди тарткан өзгөчө жай жасашты (видео)
Кытайдын Ички Монголия автономдук районунда жайгашкан Улан-Хада жаратылыш паркында туристтерди тарткан өзгөчө жай пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.
Маалыматка ылайык, аталган жай Марс планетасын элестетип тургандай жасалган. Ал жерге барган туристтер атайын космостук кийимдер менен уникалдуу ландшафттарды көрө алышат.
Учурда жасалма Марс планетасы туристтердин кызыгуусун арттырып, жаңы туристтик трендге айланууда.