Орусия менен Кытай Айды жана алыскы космосту изилдөө жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.
Маалыматка ылайык, тараптар улуттук космостук программаларга кирген ири долбоорлорду ишке ашырууну улантып, космостук тармактагы кызматташуунун деңгээлин системдүү түрдө жогорулатат. Анын ичинде Эл аралык илимий ай станциясы, Айды жана алыскы космосту изилдөө багыттары бар.
Биргелешкен билдирүү Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин 19-майда расмий сапар менен Кытайга барган. 20-майда Бээжиндеги Эл өкүлдөр жыйынынын үйүндө Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.