Биз социалдык тармакта

Иран АКШ жана Израилге катуу эскертүү берди

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ жана Израил Иранга кайрадан кол салса, согуш Жакынкы Чыгыштын чегинен чыгып кетерин билдирди. Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады.

Ирандын билдирүүсүндө, АКШ менен Израил дүйнөдөгү эң кымбат жана күчтүү эки армиянын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп чабуул жасаганына карабастан, Иран өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбаганы айтылган.

Эгерде кол салуу кайталанса, бул жолу аймактык согуш чөлкөмдүн чегинен чыгып кетет”,- деп белгиленген билдирүүдө.

Ошондой эле Иран тарап иран эли “согуштун эли” экенин айтып, өз күчүн социалдык тармактардагы билдирүүлөр менен эмес, согуш талаасында көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ аймактагы согушту кайра жандандырса, Тегеран Вашингтон үчүн “көптөгөн сюрприздерди” даярдай турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан