Биз социалдык тармакта

Кытай Орусия менен визасыз режимдин мөөнөтүн узартты

Кытай Орусия менен визасыз режимдин мөөнөтүн 2027-жылдын аягына чейин узартты. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякун билдирген.

Дипломаттын айтымында, кадимки паспортко ээ болгон Орусия жарандары Кытайга 30 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул мүмкүнчүлүк иш сапарлары, туризм, туугандарга жолугуу, алмашуу программалары, расмий эмес визиттер жана транзит үчүн берилет.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин визасыз режимди улантуу ниетин билдирген. Ал учурда Кытайда расмий иш сапары менен жүрөт.

Орусиялык туристтер 2025-жылдын 15-сентябрынан тарта Кытайга 30 күнгө чейин визасыз кирип жатышат. Алгач бул режим 2026-жылдын 14-сентябрына чейин гана күчүндө болот деп пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан