Биз социалдык тармакта

Словакиянын президенти Украинадагы жаңжал аскердик жол менен чечилбей турганын айтты

Словакиянын президенти
Петер Пеллегрини Украинадагы жаңжалды аскердик жол менен токтотуу мүмкүн эмес экенин билдирип, аны дипломатия жана сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечүүгө болорун айтты.

Бул тууралуу ал Байрам Бегай менен Братислава шаарындагы жолугушуудан кийин билдиргендигин орус басылмалары жазышты.

Пеллегрининин айтымында, тараптар “Чыгыштагы согуштун аскердик чечими жок” деген пикирге келишкен. Ал жаңжал сүйлөшүүлөр жана дипломатиялык аракеттер аркылуу гана аякташы мүмкүн экенин белгиледи.

Мындан тышкары Словакия лидери май айынын ортосунда Европа биримдиги менен Орусиянын ортосунда Украина маселеси боюнча диалогду жандандырууну сунуштаган. Анын пикиринде, бул сүйлөшүүлөрдө Евробиримдиктин атайын өкүлү болушу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан