АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, баарлашуу абдан ийгиликтүү өткөнүн билдирди. Бул тууралуу Трамп Ак үйдө журналисттерге маек берип жатып айткан.
Сүйлөшүү учурунда Эрдоган АКШнын Иран менен болгон жарашуу чечимин колдой турганын белгилеген.
"Президент Эрдоган менен телефондо абдан жакшы сүйлөшүү жүргүздүк. Биздин мамиле абдан жакшы. Катаал адамдар менен жакшы мамилени сактоо сонун. Ал катаал адам, бирок аны менен мендегидей мамиле эч кимде жок",- деген АКШ лидери.
Ал эми түрк лидери Трамп менен болгон сүйлөшүүдө АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга үмүт артарын билдирген.