Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келерки жумада Түндүк Кореяга расмий сапар менен барышы мүмкүн. Бул тууралуу "Ренхап" маалымат агенттиги жеке булактарына таянуу менен билдирди.
"Президент Си Цзиньпин жакында Түндүк Кореяга барат деген чалгындоо маалыматын алдык",- деди агенттикке өкмөттүн жогорку даражалуу өкүлү.
Маалым болгондой, январь айында Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Си Цзиньпинден өлкөлөр арасындагы мамилелерге ортомчулук кылууга көмөктөшүүнү суранган жана Кытай лидери бул өтүнүчкө оң жооп берген.
Дагы бир маалыматка караганда, Кытай лидеринин Түндүк Кореяга сапары ушул айдын аягында же келерки айдын башында болушу мүмкүн.
Бул боюнча азырынча Пекин да, Пхеньян да расмий билдирүү жасай элек.