Биз социалдык тармакта

Жабырлануучубу же өнөктөшпү? Эпштейндин дагы бир таанышы тууралуу тергөө башталды 

Америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин мурдагы жакыны Надя Марцинко боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу BBC News басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, АКШ Конгрессинин көзөмөл комитетинин мүчөсү Эпштейндин айланасындагы аялдар боюнча кайрадан иликтөө жүргүзүүнү сунуштап, аларды финансисттин кылмыш иштерине катыштыгы бар болушу мүмкүн деп мүнөздөгөн.

Ал эми сөз болуп жаткан Надя Марцинко Эпштейн түрмөдө отурган кезде аны көрүүгө он үч айдын ичинде 67 жолу барганы айтылган. Мындан тышкары, ал Эпштейндин жеке учагында учкуч катары да иштеген.

BBC News басылмасынын журналисттери Марцинконун окуясын иликтөө учурунда аны тааныган адамдар менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда алардын айрымдары Эпштейн менен Марцинко бир учурда үй-бүлө курууну пландашканын айтышкан.

Бирок Марцинко тергөөчүлөргө көрсөтмө берген учурда Эпштейн аны физикалык жактан кордоп, зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан