Украина. Виталий Кличко өкмөт сунуштаган кызматтан баш тартты

Оппозициянын лидери Виталий Кличко өкмөт сунуштаган гуманитардык маселелер боюнча вице-премьерликтен баш тартты. Бул тууралуу 28-январда украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Кличконун айтымында, президент Виктор Янукович менен өкмөттө иштөө боюнча сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт. Ал азыркы өкмөттүн курамында өзүн көрө албастыгын айткан.

Мындан сырткары президенттин айланасындагылар өлкөдө болуп жаткан окуяларды көзгө көрүнбөс экстремисттик окуя катары кабыл алгандар да бар экенин кошумчалаган.

Буга чейин премьер-министрлик кызматтан Арсений Яценюк да баш тарткан эле.

27-январда Украинанын президенти менен оппозиция лидерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөн. Алар 16-январда диктатура боюнча кабыл алынган мыйзамды жокко чыгарууну да талап кылышууда.

Демонстранттар кагылыштарды, массалык нааразылык акцияларын улантышууда. Министрликтер, облустук администрацияларды басып алуулар күчөп, майдан аянтын кеңейтүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан