
Эверест чокусунда жаңы рекорд катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, сүрөт, видеолорду жарыялады.
Андагы маалыматка ылайык, 20-майда Непал тараптан бир сутка ичинде 274 альпинист Эверест чокусун багындырган. Бул окуя дүйнөдөгү эң бийик чокуга бир күндө чыккан адамдардын эң жогорку көрсөткүчү болуп калды.
Непалдын Экспедиция ассоциациясы буга чейинки рекорд 2019-жылы 22-майда катталганын, анда Непал тараптан 223 адам чокуга жеткенин билдирди.