Биз социалдык тармакта

"Мен миллиондорду алган эмесмин". Хабиб Нурмагомедов өзү тууралуу айтылгандарга жооп берди 

Мурдагы UFC чемпиону, белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов спорттогу карьерасы тууралуу айтылгандарга жооп берди. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Анда Хабиб UFC уюмунун президенти Дана Уайттын буга чейин "Нурмагомедов спорттогу карьерасын көп акча тапканы үчүн жыйынтыктаган" деген билдирүүсүнө жооп берген.

"Интернетте мен жөнүндө айтылган кептерге дайыма эле жооп бере бербейм. Бирок Дана Уайттын айткандары бардык жакка тарап кетти. Бул карамандай калп, мага эч ким миллиондорду берген эмес. Мен спортту көп акча тапканым үчүн таштаган эмесмин. Чыныгы себебин баары билет, буга чейин деле айтып келгем", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Хабиб 2020-жылы профессионалдык карьерасын расмий түрдө жыйынтыктаган. Андан кийин ал миллиондогон гонорардан кантип баш тартып, карьерасын жыйынтыкташынын себебин түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан