Биз социалдык тармакта

Трамп Гренландияны күч колдонуу менен басып алуу оюнан кайтты 

АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны күч колдонуу жолу менен басып алуу оюнан кайтканын билдирди. Бул тууралуу АКШнын Даниядагы элчиси Кеннет Хоуэри ЖМКларга маек берип жатып маалымдаган.

Анда ал Гренландиянын келечегин анын тургундары өздөрү аныкташы керек экенин жана өлкө маселеси боюнча түзүлгөн атайын топ ийгиликтүү иш алып барарына ишенерин билдирген.

Дипломаттын пикиринде, тараптар АКШнын жана Гренландия менен Даниянын кызыкчылыгына төп келген, арал үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан чечимге келе алышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамп Гренландияны басып алууну көздөй турганын билдирип келген.

Маалымат үчүн: Гренландия - дүйнөдөгү эң чоң арал. Ал географиялык жактан Түндүк Америкага жакын болгону менен Даниянын курамындагы автономдук аймак болуп эсептелинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан