Биз социалдык тармакта

Москвадагы мектепте петарда жарылып, эки окуучу жаракат алды (видео)

Москванын Чертаново районундагы мектептердин биринде Акыркы коңгуроо аземине даярдык көрүү учурунда петарда жарылып, эки окуучу жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, бүтүрүү кечесинде атайын эффект жаратуу үчүн добуш чыгаруучу жардыргыч зат колдонулмак. Бирок окуучу петарданы ага чейин колдонуп, жардырып жиберген.

Учурда өспүрүмдөр балдар ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды. Ал эми окуянын бардык жагдайларын укук коргоо органдары иликтеп жатышат. Мындан тышкары, мектеп ичинде кызматтык иликтөө да жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Москва
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан