Биз социалдык тармакта

Эверест чокусунда жаңы рекорд: Орусиялык параспортчу чокуга эки колу менен жетти (видео)

Орусиялык параспортчу Рустам Набиев Эверест чокусунда жаңы рекорд жаратты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.

Маалыматка ылайык, параспортчу Эверест чокусуна эки колу менен чыгып, дүйнөлүк тарых жараткан. Ал аталган чокуга 20-майда Непал убактысы боюнча саат 08:16да жетип, бул жеңишин турмуштагы кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткан адамдарга арнаган.

Чокуга көтөрүлгөнү тууралуу Рустам Набиев өзүнүн социалдык тармактагы баркчасында 7-апрелде билдирген.

Рустам Набиев 2015-жылы Омск шаарындагы кырсык учурунда эки бутунан ажыраган. Андан кийин ал жашоосун спортко арнап, бийик тоолорду колу менен багындыра баштаган.

Орусиялык параспортчу чокуну эки колу менен багындырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан