Дүйнөгө белгилүү режиссёр Кристофер Нолан өмүр бою баскычтуу телефон колдонгонун жана интернетсиз жашаганын мойнуна алды.
Нолан электрондук кат алмашууну колдонбогонун жана адамдар менен кадимки кагазга жазылган каттар аркылуу байланышарын айтты.
"Мен баарыбыз бир кезде кандай жашасак, ошондой жашайм. Мен үчүн бул кадимки жашоо",- деди ал "60 Minutes" шоусуна берген маегинде.
Белгилей кетсек, ал "Интерстеллар", "Оппенгеймер" жана башка тасмаларды тарткан.