Биз социалдык тармакта

АКШ Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден төлөм алуу аракетине каршы 

АКШ бийлиги Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден төлөм алуу аракетине бардык өлкөлөрдү ага макул болбоого чакырды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда айткан.

Анда мамлекеттик катчы мындай көрүнүшкө жол берилсе, башка стратегиялык деңиз жолдордо да ушул сыяктуу төлөмдөр киргизилиши мүмкүн экенин баса белгилеген.

"Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелер үчүн төлөм алуу системасын түзүүгө аракет кылууда. Дүйнөдөгү бир дагы мамлекет буга макул болбошу керек. Бул кабыл алынгыс көрүнүш. Эгер Ормуз кысыгында ушундай система ишке кирсе, анда дүйнөнүн башка деңиз жолдорунда да кайталанат", - деген Марко Рубио

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан