Биз социалдык тармакта

Венгриянын премьер-министри Украинадагы жаңжал боюнча күтүүсүз билдирүү жасады

Венгриянын премьер-министри Украинадагы жаңжал боюнча күтүүсүз билдирүү жасады.

Ал Zeit im Bild басылмасына берген маегинде Венгрия Украинага аскер жөнөтпөй турганын айтты.

Жок, биз Украинага венгриялык аскерлерди жөнөтүүнү пландаган жокпуз”, - деди ал тынчтык орнотуу миссиясына байланыштуу суроого жооп берип жатып.

Премьердин айтымында, алгач жаңжал токтоп, тиешелүү келишимдерге кол коюлушу керек. Андан кийин гана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр мындан аркы мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышат.

Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Киев бийлиги сүйлөшүүлөрдү башташы керек экенин белгиледи. Анын айтымында, орус аскерлеринин алдыга жылуусу менен Украинанын чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү азайып, жаңжалды улантуу кооптуу жана маанисиз болуп бара жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан