Бишкекте унаанын люгунан чыгып видеого түшкөн 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ал жасаган кылыгына айтылган сын-пикирлерге адепсиз сөздөр менен жооп берип, жарандарды тынчтанууга чакырган сторис жарыялаган. Аталган факт каттоого алынып, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн.
Соттун чечими менен ал үч суткага камакка алынган.