Иран: АКШ менен көп маселелер боюнча макулдашууга жетише алдык
Иран АКШ менен көп маселелер боюнча макулдашууга жетишкенин, бирок келишимге кол коюуга азырынча макул боло электигин билдирди. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи журналисттерге маек берип жатып айткан.
Анын айтымында, учурда эки тарап келишимдердин олуттуу бөлүгү боюнча бир жыйынтыкка келишти. Багаи АКШ менен сүйлөшүлүп жаткан келишимде Ливандагы согуш аракеттерин токтотуу тууралуу да пункт бар экенин белгилеген.
Ошондой эле ТИМ өкүлү учурда пакистандык делегацияны кабыл алуу же Иран делегациясын Пакистанга жөнөтүү тууралуу план жок экенин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр конструктивдүү жүрүп жатканын билдирген болчу.