Биз социалдык тармакта

Трамп мусулман өлкөлөрүн “Авраам келишимдерине” кошулууга чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп мусулман өлкөлөрүн Израил менен мамилени нормалдаштырууга багытталган “Авраам келишимдерине” кошулууга чакырды.

Ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында билдирүү жасап, Иран менен тынчтык келишими түзүлсө, бул процесс жаңы мамлекеттердин да келишимге кошулуусу менен бирге жүрүшү керек экенин белгиледи.

Трамптын айтымында, көпчүлүк мусулман өлкөлөрү бул тарыхый демилгеге кошулууга даяр болушу керек, бирок айрымдары баш тартса, бул да кабыл алынат.

“Авраам келишимдери” 2020-жылы АКШнын арачылыгы менен башталып, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Марокко жана Судан Израил менен мамилелерин нормалдаштырууга кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан