Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөдө интернетке жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, өкмөт өкүлдөрү интернетти кризиске чейинки деңгээлге кайтарууну колдошкон. Иранда интернет 87 күндөн бери чектелип келе жатат.
Интернетке болгон чектөөлөр январь айындагы өкмөткө каршы нааразычылыктардан кийин киргизилип, кийин АКШ менен Израилдин аскердик операциясынан соң күчөтүлгөн. Ошол убакта тургундар мамлекеттик ички платформаларды гана колдоно алышкан.