АКШнын Геологиялык изилдөө борбору Чилинин түндүгүндө 6,9 баллдык жер титирөө катталганын кабарлады.
Бийлик өкүлдөрү жер титирөөдөн адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келтирилбегенин маалымдашты.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү Фелипе Плаза X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Чили жээктеринде цунами коркунучу жок экенин белгиледи.