Зеленский АКШдан колдоо жетишсиз болуп жатканына нааразы болду
Украинанын президенти Владимир Зеленский коргонууда АКШ тараптан колдоо жетишсиз болуп жатканына нааразы болду. Бул тууралуу Зеленский өзүнүн Телеграм каналына жазды.
Анда ал абадан коргонуу системин күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөр ар түрдүү эл аралык өнөктөштөр менен жүргүзүлүп жатканын, бирок АКШ тараптан жардам узак убакыттан бери сезилбегенин белгилеген.
"Европа бизге каржылык жардам көрсөтүп жатат, бирок бул маселеде АКШнын лидерлиги абдан зарыл",- деген Зеленский.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Киев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө электигин жана жакын арада жолугушуулар пландалбаганын билдирген.