Биз социалдык тармакта

Хаменеи: “АКШ үчүн Жакынкы Чыгышта коопсуз жай калбайт”

Ирандын жогорку лидери аятолла Можтаба Хаменеи АКШ үчүн Жакынкы Чыгышта мындан ары коопсуз жай калбай турганын билдирди.

Анын айтымында, аймактагы мамлекеттер эми АКШнын аскердик базалары үчүн “калкан” болбойт.

Бир нерсе так – убакыттын жебеси артка кайтпайт. Аймактагы элдер жана мамлекеттер мындан ары америкалык базалар үчүн калкан болбойт. АКШнын Жакынкы Чыгыштагы интригалары жана аскердик базалары үчүн коопсуз жайы калбайт жана алар күн өткөн сайын өз позициясын жоготуп жатат”, - деген Хаменеи жазуу түрүндөгү кайрылуусунда.

Ошондой эле ал бардык мусулмандар мамлекеттерин биримдикке, кызматташтыкка жана өз ара колдоого чакырып, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан