Өзбекстандын футбол ассоциациясы 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунда кийилүүчү улуттук курама команданын жаңы формасын көрсөттү.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, форма ак жана көк түстө даярдалып, улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон. Аны өзбекстандык дизайнерлер жана өндүрүүчүлөр иштеп чыккан.
Жарыяланган видеодо форманын кездемесин даярдоодон тартып, спортчулар катышкан акыркы презентацияга чейин көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпиондугуна алгачкы жолу катышууда. Бүгүн, 26-майда алар Нью-Йорк шаарына учуп кетишти. Алар K тайпасында Португалия, Конго жана Колумбиянын футбол боюнча улуттук курама командалары менен ойношот.