АКШнын куралдуу күчтөрү Ирандын түштүгүндөгү Бендер-Аббас аймагына жаңы соккуларды жасады. Соккулар ирандык ракеталык позицияларга жана деңизге мина орнотууга аракет кылган кемелерге багытталганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, АКШнын Борбордук командачылыгы бул аракеттерди өзүн-өзү коргоо чарасы катары мүнөздөдү. Өз кезегинде Иран америкалык учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн жана өлкөнүн аба мейкиндигине кирген дагы бир дрон менен истребителге каршы ок чыгарылганын билдирди.
Чыңалуу күчөп жатканына карабастан, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы келишим дагы эле мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, тараптар документтин так формулировкаларын талкуулап жатышат жана сүйлөшүүлөр дагы бир нече күнгө созулушу мүмкүн.