Биз социалдык тармакта

ДСУ: Хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус хантавирус жуктуруп алган жарандардын жалпы саны 13кө жеткенин билдирди.

Айтымында, Испания карантинде жаткан дагы бир адамдан хантавирус аныкталганын кабарлаган.

"2-майдан бери бул вирустан каза болгондор катталган жок. Абал туруктуу бойдон калууда",- деп жазды ал.

Эске салсак, апрель айында MV Hondius кемесинин бортунда хантавирус тараган. Андан нидерланддык жубайлар жана Германиянын 1 жараны каза тапкан. Жалпысынан кемеде 147 адам болгон. Алар эвакуациялангандан кийин дагы деле карантинде кармалып турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан