Канада эболага байланыштуу жаңы карантин эрежесин киргизди
Канада эбола вирусунун жайылышына байланыштуу Конго, Түштүк Судан жана Уганда өлкөлөрүнөн келгендер үчүн 21 күндүк милдеттүү карантин киргизди.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, мындай чара 29-августка чейин күчүндө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Конгодо эболанын сейрек кездешүүчү түрү жайылып, 900дөн ашык шектүү учур жана 220дан ашык өлүм катталды.