Ошто жол тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей качкан айдоочу мас абалында экендиги аныкталды. Бул тууралуу ЖКККБнын Ош облусу боюнча башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 1-июнда саат 13:00 чамасында Кыргыз-Чек айылында токтоп турган Kia K5 үлгүсүндөгү унааны күмүш түстөгү Mercedes-Benz C200 үлгүсүндөгү унаа сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен.
Аталган унааны токтотуу максатында Куршаб, Таш-Арык, Тойчу айылынын бурулушу, Учкун жана башка көзөмөлдөө пункттарында тосуу чаралары көрүлгөн. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен.
Кийинчерээк Кыргыз-Чек постунда патрулдук унаа менен жол тосулган учурда да айдоочу токтобостон кызматтык унааны сүзүп өтүп, андан соң Портерди сүзүп барып токтоду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Mercedes-Benz C200 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 18 жашта жана мас абалда экени аныкталды.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, мыйзам чегинде териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.