Эксперт: “Кыргыз бийлиги “Центерранын” туткунуна айланды”

Кыргызстандын бийлиги “Центерранын” туткунуна айланды. Муну бүгүн, 28-январда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында эксперт Максат Мамырканов билдирди.

Айтымында, “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы макулдашуусун колдоого болбойт. Анткени жаңы документте кыргыз тараптын 4-5 сунушу гана камтылып, калганы Канада тараптыкы.

Эскерте кетсек, өкмөт “Кумтөр” боюнча канадалык тарап менен биргелешкен ишкана түзүп, пайданы 50х50 пайыздан бөлүшүүнү сунуштоодо. Буга чейин Жогорку Кеңеш Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү тапшырмасын берип, өкмөт аны аткара алган жок.

Маселе жакын арада парламент жыйынында каралат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан