Кечээ, 14-июнда Чүй облусунун Токмок шаарындагы "Ала-Тоо" кафесинин жанында жарандардын ортосунда мушташ болуп, 2006-жылы туулган жаран жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Факт каттоого алынып, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жабыркаган жаран боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Окуя болгон жерден бир нече жаран Токмок райондук Тергөө кызматына жеткирилди. Учурда мушташка катышкан башка адамдарды жана күбөлөрдү аныктоо иштери улантылууда.