Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев ишин депутаттардын ачуу сындары менен баштады. Өкүл депутаттарга тааныштырылып бүткөндөн кийин Исмаил Исаков: “Бул киши бир жолу президенттин кабылдамасында отурган баткендик аялдарды “сасыктар, кеткиле үйүңөргө” деп урушуптур. Гезиттер жазып чыгышты. Маалымат чынбы же калппы? Чын болсо, бул эмне деген саясат? Жалган болсо, ошол гезитти сотко бериш керек”, - деди.
Молдакун Абдылдаев бул маалымат жалган экенин, ошол гезитти сотко бере турганын билдирди.
Мындан кийин депутат Бөдөш Мамырова микрофонго чыкты. “Баткенден келген аялдарды “Самтырап сасыбай кеткиле. Баткениңерге барып ишиңерди кылбайсыңарбы?” деп тилдегенсиз. Ал аялдар мага келип баарын айтышкан. Сиздин айткан сөздөрүңүздү далилдеп бере алабыз дешкен. Элди бөлгөн адам биз менен кантип иштешет? Сиз менен иштешип кетишибизге ишене албай турам. Сиз сотко берем деп жатасыз. Албетте, сиз азыр сотко берсеңиз баарын утуп чыгасыз. Гезитти да, арыз ээлерин да утуп чыгасыз”, - деп какшык сын айтты Мамырова президенттин өкүлүнө.
Айта кетсек, Жогорку Кеңешке өкүл болуп жаңы дайындалган Молдакун Абдылдаев буга чейин президенттик аппаратта иштеген.